ОБРУЧЕВ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:14, 26 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ОБРУЧЕВ Владимир Афанасьевич [28. 10. 1863, азыркы Тверь обл., Клепенино кыш. - 19. 6.

1956, Москва (Звениго­род)] - орус совет геологу жана географы, СССР ИА­нын академиги (1929), корр. мүчөсү (1927), Социалисттик Эмгектин Баатыры (1945), СССР Географиялык коомунун ар­дактуу президенти (1947). Петербург тоо-кен институтун бүткөн (1886). Томск (1901- 12), Симферополь (1919-

21) жана Москвадагы (1921-29) жогорку окуу жай­ларында проф. 1939-жылдан СССР ИАнын Тоң таануу институтунда директор, СССР ИАнын геол.- географиялык илимдери бөлүмүнүн академиялык секретары (1942-46). ЮООден ашык илимий эмгектин автору. Негизги илимий эмгектери Борбордук жана О. Азиянын лёсс топурактарынын пайда болушуна, Сибир­дин муз каптоосу менен көп жылдык тоңуна, тек­тоникасынын жалпы маселелерине, алтын кен­деринин геологиясына ж. б. тармактарга арнал­ган. Илимге «неотектоника» терминин киргиз­генетикалык О. - көптөгөн илимий-популярдуу китептердин («Чөлдөгү алтын издөөчүлөр», «Орто Азиянын чөлдөрү жана тоолору аркылуу» ж. б.), окуу ки­тептеринин, илимий фантастикалык романдардын («Плутония», «Санников жери», «Планеталар­га саякат» ж. б.) автору. Илимий эмгектери үчүн Н. М. Пржевальский атындагы сыйлык, (1926), СССР мамлекеттик сыйл. Орус географиялык коомунун чоң алтын ме­далы, Франция ИАнын 2 сыйлыгы, А. П. Кар­пинский атындагы алтын медаль (1947) ыйгарылган. Лениндик сыйл. (1941, 1950) лауреаты болгон. Беш Ленин, Эмгек Кызыл Туу ордендери жана медалдар менен сыйланган. Тува АССРиндеги кыр­ка тоо, Антарктидагы оазис, Жунгар Ала-Тоо­сундагы мөңгү ж. б. географиялык бир нече объектиге, уран минералына (обручевит) анын ысмы берил­генетикалык СССР ИА В. А. Обручев атындагы сыйлык бел­гилеген (1998).

Эмг.: Изб. работы по географии Азии. Т. 1-3. М., 1951; Изб. труды. Т. 1. М., 1958.

Ад.: Поступальская М„ Ардашникова С. Обручев. М., 1963.