ОБРАЗЦОВ Сергей Владимирович

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:14, 26 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ОБРАЗЦОВ Сергей Владимирович [22. 6 (5. 7). 1901, Москва - 8. 5. 1992, Москва] - советтик театр ишмери, актёр жана режиссёр, СССР эл арт. (1954), Социалисттик Эмгектин Баатыры (1971). 1918-26-ж. Жогорку сүрөт өнөрканасынын живопись факультетин­де окуган. 1922-36-ж. Москвакөркөм академиялык теат­рында (МХАТ; (1926-жылдан Немирович-Дан­ченко атындагы музыкалык театр) музыкалык студиясынын, артис­ти. 1931-жылдан мамлекеттик борбордук куурчак театры­нын жетекчиси, Эл аралык куурчакчылар сою­зунун вице-президенти 1958-жылдан болгон. Балдарга арналган спектаклдери: «Каштанка» (Сперанский, 1935), «Кайыптын амири менен» (Е. Тараховская, 1936), «Мистер Твистер» (С. Мар­шак, 1961), «Аладдиндин чырагы» (Гернет,

1940); чондор үчүн: «Рождество алдындагы түн», «Бугу-король» (Е. Сперанский, 1941, 1943), «Ук­муштуу концерт» (И. Шток, 1946) ж. б. Койгон фильмдери: «Укмуштар жанында» (1962), «Ки­нокамера айыптайт» (1968), «Ишенбей турган чындык» (1970), «Ошол Васька кимге керек?» (1973). СССР мамлекеттик сыйл. лауреаты (1967). 2 Ленин ордени, башка 2 орден менен сыйланган