ОБРАЗДУУЛУК

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:14, 26 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ОБРАЗДУУЛУК - искусствонун аны коомдук аң­сезимдин башка формаларынан айырмалап тур­ган негизги белгиси. Көркөм адабиятта жазуучу турмуштук ар кандай көрүнүштөрдү сүрөттөөдө аны сөз аркылуу көз алдыбызга ачык, даана, жандуу түрдө элестетет. Дал ошол 0. менен биз кубанабыз, кейийбиз, кыялданабыз. Кышкы кечти жөн адам көркөмдөп сүйлөп бере албас эле, аны акын образдуу түрдө сүрөттөйт (Ай нурунда кышкы түн, Айран төгүп койгондой. Жаңырыксыз токой-чер, Уктап жатат ойгонбой. Менменсинген карагай, Пейли кенен чалдардай. Кар жамынган чегедек, Ак тон кийген балдар­дай. А. Токомбаев). 0. - мазмунун кургак сөз менен эч бир айтып берүүгө мүмкүн болбогон нер­сени кыска жана элестүү берүү. Ал мазмун жана форма, идея жана тема, сюжет жана композиция, стиль жана образ аркылуу ишке ашырылат.