ОБРАЗ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:14, 26 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ОБРАЗ көркөм адабиятта - турмуштун конк­реттүү жана жалпыланган жактарынан алынган адамдын эстетикалык мааниге эгедер чыгармачылык көркөм фантазия менен түзүлгөн көрүнүшү. О. илим менен искусствону айырмалап турат. Жазуучу өз пред­метин көркөм О. аркылуу сүрөттөйт. Ал өзүнүн дүйнөгө болгон көз карашына, эстетикалык идеалына, чыгармачылык жана турмуштук тажрыйба­сына, турмуш чындыгына, көрүп-билген киши­лерге алымча-кошумчаларын киргизет, натый­жада О-дын эстетикалык жана тарбиялык куду­рети көрүнөт. Чыгармадагы О-дын аткарган кызматына жана турган ордуна карап, адабият таа­нуу илиминде кейипкер, башкы каарман, экин­чи даражадагы каарман, мүнөз, тип деп бир нечеге ажыратылып жүрөт. Ж. Турусбековдун «Ажал ордуна» драмасына катышкан кейипкер­каармандар - Искендер, Бектур, Кабыл, Зулай­канын ата-энеси, Карымшак, Максүт, Насип, Алымбай, Учей-Фу, Литун-Чан. Булардын ичи­нен чыгарманын фабуласында башкы орунда туруп, көп окуяларга катышып, ошол окуялар анын тегерегинде өнүккөн каармандар бар, мын­дай каармандар башкы каармандар болот. Дра­мада мындай милдетти Искендер менен Зулайка аткарат. Бул экөө - драманын башкы каарман­дары. Башка каармандар алардын ар кандай иш­аракетине жардам берип, же тоскоолдук кылып, айрым эпизоддордо гана көрүнүшөт, чыгарма­нын идеясын ачып берүүдөгу бөксөлүктөрдү тол­турушат да, экинчи даражадагы, же жардамчы каармандар болуп саналат. О-ды жазуучунун эс­тетикалык идеалына туура келер-келбесине ка­рап, шарттуу түрдө оң жана терс О. болуп бө­лүштүрүлүп жүрөт. Бул О. сөзсүз ушул эки ла­герге ажыроо керек деген эреже эмес. Жазуучу­лар метафоралык жана символдук образдарды да кеңири пайдаланышат. О. жанрдык модифика­циясына карата лирикалык, эпикалык, драма­лык О. деп бөлүнөт. Сүрөттөө өзгөчөлүктөрүнө ылайык реалисттик, романтикалык 0. болуп бири-биринен жанрлардын жана методдордун өзгөчөлүктөрүнө ылайык да айырмаланып ту­рат. 0. түшүнүгү искусствонун пайда болгон мезги­линен тартып, ар түрдүү мезгилдерде адабий агымдарга жана көркөм методдорго ылайык ар кыл өзгөрүүлөргө учурап келди.