ОБО ЭНЕ, ЕВА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:14, 26 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ОБО ЭНЕ, Е в а [иврит тилинде (7ПП - Хава) «өмүр берүүчү»] - генеол. уламыштар боюнча адам­заттын түпкү энеси. О. э. жана Адам Ата жөнүндө түшүнүк байыркы заманда Кичи Азияда жа­шаган элдерде калыптанган. Анда Кудай Таала адегенде аалам, жер, бейиш ж. б. жан-жаны­бар, Адам (эркек), анын кабыргасынан О. э-ни жаратып, экөөнө бейиштен орун берген, бирок О. э. бир жолу Адамды кечиримсиз күнөө жо­луна түрткөнү үчүн экөө тең бейиштен куулуп чыкканы айтылат. Кыргыз санжырасында Адам Ата жана анын аялы О. э. (Обо эне, Аба эне) жер бетинде алгач жаралган пенде катары эсепте­лип, алардан тараган дүйнөнүн калкы «адам баласы» деп аталып калышы да ушуну менен түшүндүрүлөт.