ОБОБЕЛ ГИПС КЕНИ
ОБОБЕЛ ГИПС КЕНИ Нарын р-нунда, Нарын шаарынан 20 км түштүк тарапта, Ала-Мышык тоосунун түштүк этегинде. 1957-59-ж. изилденген. Кен аймагын палеоген-неогендин чөкмө тектери түзөт. Гипс неогендин чопо катмарынын арасында жатат. Мында гипстин эки катмары бар. Астынкы катмар мала кызгылт гипстен туруп, калындыгы 5-12 м, узундугу 1 кмдей. Үстүнкү катмар кызгылтым ак гипстен түзүлүп, калыңдыгы 3,5-6,5 м. Узундугу 1,5 кмге созулат. Бул гипстер жакшы сайкалданат. Арасында кызгылтым селениттин жука катмарчасы учурайт. Запасы С2 категориясы боюнча 540 миң т. Көркөм-кооз буюмдарды жасоого сырьё катары колдонсо болот. Бекемдиги жагынан курулуш гипси катары колдонууга жараксыз. Кыртышты гипстендирүүдө, цемент өндүрүүгө колдонсо болот.