ОБЕРОН

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:14, 26 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ОБЕРОН - Уран планетасынын табигый жан­доочусу. Англ. астроном У. Гершель ачкан (1787). Уранга чейинки аралыгы 587 миң км, синоди­калык айлануу мезгили 13 сутпка 11 с 16 мин, диаметри 1460 км. О-дун орбита тегиздиги Уран­дын орбита тегиздигине дээрлик перпёндикуляр. ОБЗОР, баяндама - адабияттагы, же конк­реттүү бир жазуучунун, же гезиттин, же жур­налдын материалдары жалпылаштырылып жазылган макала. Бир мезгилдин адабияты туура­луу 0. берилсе, ошол мезгилде чыгармачылык ак­тивдүүлүктө болгон жазуучулардын башкы те­матикасы, башка мезгилден айырмаланып тур­ган негизги тенденциялары, ал мезгилдеги ада­бий процесстин мүнөздүү ийгиликтери жана кем­чиликтери жалпылаштырылат. Эгерде бир жа­зуучунун же акындын чыгармачылыгына арналган болсо, ошол жазуучу же акындын чыгармачылыгы­нын негизги баскычтары, ар бир баскычынын өзүнө таандык артыкчылыктары, сүрөткердин жетилүү даражасы, анын негизги булактары жалпылаштырылып көрсөтүлөт. Ошондой эле кайсы бир тематиканын белгилүү бир мезгилдеги өнү­гүшү жөнүндө 0. да жазылат (мисалы, «Азыркы кыр­гыз драматургиясы», «Улуу Ата Мекендик со­гуш мезгилиндеги кыргыз поэзиясы» ж. б.). Айрым гезит-журналдын материалдары боюнча мезгилдик 0. да жазылат.