ОАЗИС

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:14, 26 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ОАЗИС (грекче оазха - алгачкы мааниси Ливия чөлүндөгү калк отурукташкан бир нече жайдын аталышы) - 1) чөл жана жарым чөлдөрдөгү өсүмдүк (дарак, бадал, чөп) өскөн жерлер; агын суунун жакындыгына же жер астындагы суу­нун булак болуп чыгышына байланыштуу ным­дуу келет. О-терде калк жыш отурукташып, азык болуучу жана техникалык өсүмдүктөр (айрыкча пах­та) өстүрүлөт; 2) Антарктидада мөңгүдөн же муз­дан бош жайдак жерлер. Терминди 1938-жылы ка­надалык уюл изилдөөчү В. А. Стефансон су­нуштаган. Физикалык-географиялык өзгөчөлүктөрүнө карай жапыз тоолуу-адырлуу, тоо аралык жана тоолуу антарктикалык О-ге бөлүнөт. Курчап турган аймактарга караганда О-терде жылдык орт. температура 1-2°Ска (жайында 5-6°Ска) жогору бо­луп, таштуу беттерде кээде 30°Ска чейин жетет. Жылдык жаан-чачыны 200-300 жлг; көбүнчө кар түрүндө жаайт. Өсүмдүккө жарды; мамык чөп, энилчек, балыр (көлмөлөрдө) өсөт. Жаныбар­лардан чымын-чиркейлер, каракчы куштар, айрым О-терде Адели пингвиндери мекендейт.