НЮРНБЕРГ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:14, 26 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

НЮРНБЕРГ - Германиядагы шаар. Пегниц д-нын өйүз-бүйүзүндө жайгашкан. Майн - Ду­най каналындагы порт. Калкы 504,5 миң (2010). Жол тоому. Метрополитен иштейт. Машина ку­руу, түстүү металлургия, электр-техникалык, полиграфиялык, жыгаччылык, жеңил ө. ж.; карандаш жана оюн­чук өндүрүшү иштейт. Алгач 1050-жылдан эске­рилет. 1219-жылдан эркин империя шаары. Кон­серватория (1821), музейлер (Германия улуттук, транспорт, оюнчук), шаардык сүрөт топтому, кол өнөрчүлөрдүн конок үйлөрү, сурөтчү А. Дю­рердин үй-музейи (ушул шаарда туулган), опера театры (1905) бар. Император сепили (11-к.), соңку готика стилиндеги чиркөөлөр (13-15-к.), 15-17-к-га таандык турак жайлар сакталган. 1945-46-ж. Н. процессинде эл аралык аскер три­буналы тарабынан 2-дүйнөлүк согуштун баш­кы согуш кылмышкерлери соттолгон.