НЬЯСА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:14, 26 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

НЬЯСА М а л а в и - Түштүк Африкадагы (Мо­замбик, Танзания, Малавиде) ири көл. Чыгыш­Африка тайпак тоосунун түштүк-батышындагы тектоникалык ойдуңда, 472 м бийиктикте жайгашкан. Жер шарындагы тузсуз көлдөрдүн ичинен терең­диги боюнча 3- (Байкал жана Танганьикадан кийин), чоңдугу боюнча 9-орунда. Түндүктөн түштүккө

580 кмге созулуп, туурасы 80 кмге чейин. Те­реңдиги 726 мге чейин. Аянты 30,8 миң км2. Түндүгү, түндүк-чыгыш жээктери чукул, бийик, аскалуу, түштүгү жапыз. Таманынын калынды­гы айрым жерлеринде 4 клгге жеткен чөкмө тек­тер менен капталган. Ага 14 суу куят, ириси - Рухуху д. Көлдөн Шире д. (Замбезинин куйма­сы) агып чыгат. Фаунага бай. Балыктын 200дөн ашык түрү (анын ичинде 80% и эндемиктер) кездешет. 0. эле крокодил, бегемоттор бар. Балык карма­латынча Кеме жүрөт. Н-нын батыш жээги туризм үчүн ыңгайлуу. Негизги пристандары: Нхотако­та, Каронга, Бандаве (Малави), Мвая, Мбамба­Бей (Танзания), Ковбе, Метангула (Мозамбик).