НЬЮТОН ЛЕИБНИЦ ФОРМУЛАСЫ
НЬЮТОН - ЛЕЙБНИЦ ФОРМУЛАСЫ - интеграл эсептөөнүн негизги формуласы. Ал ?(х) функциясынан алынган аныкталган интеграл менен кандайдыр бир анын Р(х) баштапкы абалынын ортосундагы байланышты туюнтат: | а/(х)йх = Г(Ь) - Р(а). Бул формула кыскача |д/(х)йх = У(х)|д түрүндө да жазылат, башкача айтканда Н.- Л. ф-н колдонуу үчүн интегралдын бир баштапкы функциясын таап, алынган функциянын интегралдын жогорку пределдеги маанисинен интегралдын төмөнкү пределдеги мааниси кемитилет. И. Ньютондун жана Г. Лейбництин ысмынан аталган. Стокс формуласы Н.-Л. ф-нын жалпыланышы болуп эсептелет. Ошондой эле, к. Интеграл, Интегралдык эсептөө.