НЫМ ТОПТОО СУГАТЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:14, 26 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

НЫМ ТОПТОО СУГАТЫ - топуракта нымдын запасын топтоп, а. ч. өсүмдүктөрунүн нормал­дуу өсүшүнө шарт түзүү үчүн кышында жана эрте жазда жүргүзүлүүчү сугат. Атм. жаан-чачыны жетишсиз (жылына 250 жлден аз) р-ндордо жүргүзүлөт. Н. т. с. кыртыш суулары терең (3 мден төмөн) жайгашкан автоморфтуу то­пуракты сугарууда жакшы натыйжа берет. Н. т. с. сугат нормасынын өлчөмүн, вегетация­лык сугат санын азайтат. Н. т. с-нын нормасы гектарына 1000-1800 м3.