НУРТЕЛЕКОМ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:14, 26 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

НУРТЕЛЕКОМ, «О» соода маркасы­Кыргызстандагы уюлдук байланышты уюштурган ири компания. 2009-жылы уюшулган. Н-дун өлкө боюнча млндон ашык кардары жана көптөгөн бай­ланыш түйүндөрү бар. Өлкөнүн дээрлик бардык булуң-бурчунда байланышты уюштурат. Заман­бап уюлдук байланыштын эң алдынкы техно­логияларын колдонот. Уюлдук аппараттары аркылуу кардарларына учурдагы ар түрдүү тех­нол. жаңылыктарды (смс, интернет, вап, ммс ж. б.) тартуулап кызмат көрсөтөт. Кардарлар­ды жеке (бирдик жүктөө аркылуу) жана корпа­ративдик түрдө тейлейт. Н. Кыргызстандагы алдын­кы ишканалардын бири. Түрдүү коомдук иш­чараларга демөөрчүлүк кылат.