НУРЛАНУУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:14, 26 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

НУРЛАНУУ — 1) э л е к т р-м агниттик Н. - электр заряддарынын өз ара аракеттенишүүсүнүн негизинде электр-магниттик талаанын пайда бо­луу процесси. Эркин электр-магниттик талаа­нын өзү да Н. деп аталат. Заряддалган бөлүк­чөлөрдүн кыймылынын өзгөрүү себептерине жа­раша: токтомо Н., синхротрондук Н., Черенков­Вавилов Н-су болуп бөлүнөт. Классикалык фи­зикада Н. ылдамдатылган кыймылдагы электр заряддарынын электр-магнит толкундарын бөлүп чыгаруусунун жыйынтыгы деп эсептел­се, квант теориясында электр-магнит толкун­дарынын кванттарынын - фотондордун жы­йындысы катары каралат. Атом ж. б. атомдук системалар дүүлүккөн абалдан аз энергиялуу абалга өткөндө нур чыгарат. Ага атомдун ди­полдук Н-су, мультиполдук Н-су, аргасыз Н-су кирет; 2) ү н Н-су - түрдүү үн нурланткычтар­дын жардамы менен үн талаасын түзүү. Нурлант­кыч менен түзүлгөн үн талаасы нурланткычтын формасына, анын термелишине жана термелүү жыштыгына жараша болот; 3) п л а з м а Н-су - плазманы түзгөн бөлүкчөлөрдүн жекече же чогуу кыймылында пайда болгон электр­магнит толкундарынын энергиясынын агымы. Н-нун ургалдуулугу жана спектрдйн курамы плаз­манын абалын чагылдырат, ошондуктан плаз­манын Н-су плазманы диагностикалоодо негиз­ги ролду ойнойт; 4) т е н салмактуу Н. - зат менен белгилүү температурада термодинамикалык тен салмактуулукта болгон электр-магнит Н-су. Көбүнчө абсолюттук кара нерсенин Н-су тең салмактуу Н. деп аталат; 5) ы л д а м д атк ы ч бөлүкчөлөрүнүн Н-су - ылдамдаткыч­тарда электр-магнит толкундарын заряддалган бөлүкчөлөр менен нурлантуу.