НУРБЕКОВ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:14, 26 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

НУРБЕКОВ Кубанычбек [26. 4. 1928, азыркы Талас обл., Талас району, Кум-Арык (мурдагы Пик) айылы - 1985, Бишкек, сөөгү Кум-Арык­ка коюлган] - укук таануучу, юридикалык илимдеринин док­тору (1968), проф. (1970). 1951-жылы Ташкент мамлекеттик укук институтун бүткөн. 1956- 73-ж. Бишкектеги укук мек­тебинде мугалим, КМУда окутуучу, доцент, декан, ка­федра башчысы, 1973-76-ж. Кыргыз ССР ИАнын Фило­софия жана укук институтунда улук илимий кызматкер, 1976- 85-ж. сектор башчысы бо­луп иштеген. Илимий эмгекте­ринде укуктук проблемалардын мораль менен ажырагыс байланышын изилдеген, жарандык жана кылмыш укугунун жоболорун иштеп чык­кан, укук бузуунун социалдык маңызын жана эле­менттерин, алардын пайда болуу себептерин жана өнүгүү

өзгөчөлүгүн ачып берген. Ал респ-да­гы юрист-теориячылардын алгачкыларынан бо­луп көз карандысыз демокр.-укуктук мамлекет принцибине таянып, Кыргызстандын эгемендүү өнү­гүүсүнүн илимий-укуктук концепциясын сунуш кыл­ган. Н. эмгектеринде улуттун өз тагдырын өзү чечүү укугу саясий гана эмес, экономикалык, социалдык­саясий, аймактык мааниге да ээ экендигин кө­төрүп чыгышы учурунда олуттуу саясий ката­лык катары бааланып, «улутчул» деген жалаа менен куугунтукталган (1972-жылдан). Укук ма­селелери боюнча бир нече эмгектердин автору. Кум­Арык орто мектебине ысмы ыйгарылган.