НУРА МӨҢГҮСҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:14, 26 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

НУРА МӨҢГҮСҮ - Чоң Алай кырка тоосунун чыгыш бөлүгүнүн түндүк капталындагы мөңгү. Узундугу 13,8 км, аянты 54,2 кмг. Кызыл-Суунун (чы­гыш) алабында жайгашкан. Башы деңиз деңгээлинен 6340 м, этеги 3520 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийиктиги 4930 м, абляциясынын аянты 19,8 клг2. Өрөөн тибиндеги бир нече мөңгүнүн биригишинен түзүлөт. Негизгиси тоонун кыры­на жарыш чыгышка карай эңкейип жатат. Ири салаасы кошулгандан кийин кыска «тили» түндүккө карай чукул бурулуп, тике аяктайт. Мөңгүдөн Нура суусу (Кызыл-Суунун оң куйма­сы) башталат.