НУКЛЕИН КИСЛОТАЛАРЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:14, 26 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

НУКЛЕЙН КИСЛОТАЛАРЫ, полинуклео­т и д д е р - табиятта кеңири таралып, нуклео­тиддерден турган биол. активдүү биополимер­лер. Аны 1-жолу 1868-жылы щвейцариялык илим­поз Ф. Мишер клетка ядросунан бөлүп алган. Н. к-нын генетикалык информацияны сактоо жана аны келечек муунга өткөрүү, митоз, белоктордун биосинтезин ж. б. биохим. процесстерди ишке ашырууда биол. мааниси чоң, башкача айтканда организм­дин түрүн, формасын, курамын жана функция­сын аныктайт. Н. к. курамына кирүүчү моноса­хариддерге карата 2 түргө бөлүнөт. Н. к-нын ку­рамында рибоза болсо, рибонуклеин кислотасы (РНК), ал эми дезоксирибоза болсо, дезоксири­бонуклеин кислотасы (ДНК) деп аталат. Н. к-нын молекуласында нуклеотиддер бири-бири менен 3', 5' көмүртек атомдорундагы фосфаттык байла­ныш аркылуу байланышкан. РНКга углевод - рибоза, азоттуу компонеттер - аДенин, гуанин (пурин негиздери), урацил жана цитозин (пири­мидин негиздери) кирет. ДНКда углеводдезок­сирибоза, азоттуу негиздер - аденин, гуанин, цитазин жана тимин болот. Н. к. белоктор сыяк­туу эле биринчилик жана экинчилик структура­га ээ. Нуклеотиддердин ырааттуу түз тизмекте жайгашышы биринчилик структураны, ал эми макромолекулалардын мейкиндикте жайгашы­шы экинчилик структураны берет, ошондой эле к. Де­зоксирибонуклеин кислоталары, Рибонуклеин кислоталары.