НУБИЯ ЧӨЛҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:14, 26 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

НУБИЯ ЧӨЛҮ Африкада, басымдуу бөлүгү Су­дандын аймагында. Нил д. менен Кызыл деңиз­дин аралыгында жайгашкан. Деңизден Этбай кырка тоосу бөлүп турат. Чыгыштан-батышка (1000 лгден 350 л«ге чейин) тектирленип төмөн­дөгөн плато. Бийиктиги 1240 лгге жеткен калдык тоолор бар. Кургак нуктар көп кездешет. Жыл­дык жаан-чачыны 25 жлгдей. Ксерофит дан өсүмдүктөрү, бадалдар басымдуу. Мал чарбасы өнүккөн. Н. ч. аркылуу Нил д-нын боюндагы Вади-Хальфа жана Абу-Хамед шаарынын байланыш­тырган т. ж. жана автомобиль жолу өтөт.