НУАКШОТ
НУАКШОТ - Мавритания Ислам Респ-нын борбору. Өз алдынча администрациялык округ. Өлкөнүн батышында, Атлантика океанынан анча алыс эмес жерде жайгашкан. Климаты чөлдөшкөн, тропиктик. Эң салкын айы январдын орт. температурасы 21°С, июндуку 28°С. Жаан-чачын өтө аз жаайт (150 мм). Калкы 822 миң (2010); өлкөнүн эң ири шаары. Эл аралык аэропорту бар. Атлантика
океанындагы порт. 20-к-дын башында анча чоң эмес кыштак катары пайда болгон. 1957-жылдан Мавританиянын администрациялык, 1960-жылдын 28- ноябрынан көз каранды эмес Мавританиянын борбору. Н. Мавританиянын маданий жана экономикалык борбору. Тамак-аш (кант), жыгаччылык ө. ж. ишканалары, сууну туздан тазалоочу курулмалар иштейт. Шаардын билим берүү жайлары балдарды негизинен куран окууга үйрөтөт. Университет, илимий институт, Жогорку администрациялык мектеби, Өкмөт үйү, Улуттук чогулуштун имараты, Тоо-кен жана ө. ж. директорлугу, борбордук калк жана улуттук китепкана, педагогикалык институт, музей бар. Шаардын четинде инфраструктурасы жакшы өнүккөн пляждар, базарлар, килем борбору иштейт. Шаардан куралжарак, баңги заттарды, баалуу көркөм буюмдарды (сүрөт, археол. жана тарыхый документтер, колго токулган килем ж. б.) жана жоголуп бараткан жаныбарларды жана өсүмдүктөрдүн уруктарын уруксатсыз алып кетүүгө тыюу салынган. Туризм өнүккөн.
