НӨКӨР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:14, 26 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

НӨКӨР (моңолчо нөхөр - дос, жолдош) - о. кы­лымда моңголдордогу бийлик же аскер адамы­нын кызматчысы. Тынчтык мезгилинде кароол­чу, коштоп жүрүүчү, согуш учурунда катардагы жоокердин милдетин аткарган. Курал-жарак менен камсыз кылынып, жеңишке жеткен учурда өзүнө тиешелүү олжо (мал-мүлк, конуш, кул ж. б.) алып, ирденип, ири феодалдарга айланып кеткен учурлары да болгон. «Н.» терминин 16- 20-к-да орто жана алдынкы азиялыктар (кавказ­дыктар) да колдоно баштаган. Изилдөөчү Г. Гу­барев эркиндикке качып чыккан Крым ханда­рынын Н-лөрү славяндашып, казак-орустарга (запорожье жана дондук) айланып кетишкен деп эсептейт.

Ад.: Губарев Г. Казачий исторический словарь­справочник. М., 1970.