НОРФОЛК АРАЛЫ
НОРФОЛК АРАЛЫ, Норфолк аралдар а й м а г ы Жаңы Зеландиядан түндүктө, Тынч океандын түштүк-батышында жайгашкан. Аянты 34,6 км2. Калкы 2,1 (2009). Борбору - Кингстон (калкы 1100). Климаты мелүүн деңиздик, субтропиктик климатка өтмө. Суу астындагы Норфолк кырка тоосундагы жанартоонун чокусу аралдын бетине чыгып турат. Ал тоонун эки капталында Жаңы Каледония жана Түштүк-Фижи терең океан оёңдору созулуп жатат. Рельефи дөңсөөлүү келип, тузөң. Аралдын эң бийик жери Маунт Бейтс чокусу (бийиктиги 319 м). 1788-жылдан 1814-жылы чейин жана 1825-55-ж. англиялыктар сүргүн жай катары пайдаланышкан. Питкерн а-нан 1856-жылы АКШга таандык «Баунти» кемесинин козголоңчулары келип отурукташкан. Н. а. 1913-жылдан Австралиянын ээлиги жана анын «деңиздеги алыскы аймагы» статусуна ээ болгон. Аралдын башчысы кагаз жүзүндө Улуу Британия королевасы, бирок Австралия генерал-губернатору дайындаган администратор башкарат.