НОРУС КӨЛ КӨМҮР КЕНИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:14, 26 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

НОРУС-КӨЛ КӨМҮР КЕНИ Ош облусунун Чоң Алай р-нунда. Кабык суусунун өрөөнүндө, Да­роот жана Кызыл-Үңкүр сууларынын аралыгын­да. Кен 1954-жылдан белгилүү. 1969-71-ж. издөө, 1992-93-ж. чалгындоо иштери жүргүзүл­гөн. Көмүр юра катмарынын согул геол. свита­сы менен байланышкан. Көмүрлүү катмарда үч катмар аныкталган. Катмарлардын калыңды­гы 0,3-3,0 м. Көмүрдүн күлдүүлүгү 9,90% тен 39,9% ке чейин өзгөрүп, орт. - 18%. Күйүү жы­луулугу 3032 ккал/кгдан 6700 ккал/кг (12,69- 28,05 МДж/кг) чейин, орт. 4200-5100 ккал/кг (17,58-21,35 МДж/кг). Көмүрдүн Сары-Жылга участкасы боюнча эсептелген запасы - 134 миң т. Кабык участогу - 116 миң т.