НОРМАСЫЗ ЖУМУШ КҮНҮ
НОРМАСЫЗ ЖУМУШ КҮНҮ - убактысы белгиленбеген иш күнү; иштен сырткары пайдаланылган убакыт. Н. ж. к. учурда ишкерлер, менчик ишканаларда иштеген атайын адистер (техникалык, чарбалык ж. б.), ошондой эле ишкана, мекеме, цех жана администрациялык башчылары, башкы адистер ж. б. иштешет. Мында нормадагы иш убактысынан ашыкча иштөөгө уруксат берилип, акчалай же кошумча эс алуу күнү менен компенсацияланат.