НОРМА
НОРМА (латынча погтпа - жетектөө негизи, эреже, үлгү) - жалпы кабыл алынган жана коом мүчөлөрү үчүн милдеттүү эреже, жүрүм-турумдун же аракеттердин үлгүсү, бир нерсени жүзөгө ашыруу тартиби. 1) т и л илиминде, к. Тилдик норма; 2) у к у к т а, к. Укуктук норма; 3)математикада сандын абсолюттук чондугун (модулун) жалпылоочу түшүнүк. Мисалы, х векторунун Н-сы деп ||х|| узундугу аталат; 4) басма ишинде басма табактын 1-бетинин төмөнкү сол бурчуна берилүүчү маалымат (мисалы, басмакана номери, басылмалардын кыскартылып аталышы же автордун атыжөнү); 5) ММК кызматкеринин күнүмдүк же бир айлык аткарылуучу ишинин чени.