НОРВЕГ АГЫМЫ
НОРВЕГ АГЫМЫ — Норвег деңизиндеги үстүнкү жылуу агым. Түндүк Атлантика агымынын бир тармагы. Норвегияны жээктей түндүктү карай агып, 67° түндүк кендиктерде Баренц деңизине өтүп, Нордкап агымы, андан ары түндүктө Шпицберген агымы деп аталат. Кышында суунун темпрасы 5-7°С, жайында 10-12°С. Ылдамдыгы 25- 50 см/сек. Скандинавия ж. а-нын климатына, Норвег деңизинин чыгыш бөлүгүнүн гидрол. шарттарына таасирин тийгизет.