НООСФЕРА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:14, 26 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

НООСФЕРА (грекче пооз - акыл-эс жана сфера) - биосферанын өнүгүүсүндө адамдын акыл-эси не­гизги фактор болуп эсептелген, анын жаңы эволюциялык абалы; акыл-эс чөйрөсү. Н. түшүнүгүн фр. оку­муштуулар Э. Леруа менен П. Тейяр де Шарден (1927) киргизген. Орус геохимиги В. И. Вернад­ский Н. жөнүндө толук түшүнүк берген. Ал илимий же­тишкендиктердин негизинде, адам эмгегинин таасиринен биосфера акырындык менен жаңы абалга - Н-га, башкача айтканда чөйрөсүнө акыл-эс чөйрөсүнө өтөрүн айгинелеген. Н-нын калыптанышына кийин Ю. П. Трусов, И. В. Кузнецов, С. Г. Се­менова, Н. Н. Моисеев, А. Д. Урсул ж. б. чоң салым кошкон.

Н. - бул социум-табият системасы. Анын не­гизги элементтери экөө: бир тараптан бүт адам­затты бириктирип, бирдиктүү курам түзүп тур­ган социум (коом), экинчи тараптан ушул сфе­ранын курамына кирген бардык жандуу (адам­дан башка) жана жансыз нерселерди кучагына алган табият. Социум - Н-нын активдүү, баш­каруучу, ал эми табият - социумга негиз бо­луп, ага шарт түзүп турган, активдүүлүгү азы­раак элементи. Бул экөө тең бири биринен ажы­рагыс, бирине бири таасир этип, тынымсыз ка­рым-катнашта, дайыма өзгөрүүгө дуушар болуп турган бирдиктүү организмди түзөт. Өнүгүп, өз­гөрүп тургантсоом жана анын аракети менен өзгө­рүлгөн айлана-чөйрө. Эбегейсиз көп зат жана энер­гиянын агымы Н-га кирип жана чыгып турат, ошондуктан ал - ачык жана тең салмактуулук­тан кыйла алыс турган өзүнөн өзү өнүккөн, өзүн өзү башкарган глобалдуу система. Күчтүү тең сал­максыз система катары Н-да өзгөчө ролду сырт­кы маалымат жана анын натыйжасында жа­ралган акыл-эс ойнойт. Акыл-эстин айлана­чөйрөнү өзгөртүүчү таасири өндүрүүчү чарбачы­лык пайда болгондон тартып (болжолдо он миң жыл мурун) жанданууда. Адам жаныбарларды үйрөтүп, өсүмдүктөрдү өздөштүрүп, жер айдап, кол өнөрчүлүгүн баштагандан тартып айлана­чөйрөнү башкаруу башат алды. Илим, техника жана технология өнүккөн сайын башкаруу ба­гыты улам күчтөнүүдө. Адамзат бүт жер жүзүн жана жакынкы космосту ээледи. Шаар-кыштак­тар, завод-фабрикалар, суу сактагычтар, гидро­техникалык курулуштар салынып, кендер казылып, жыл сайын миллиард т тоо массалары которулууда. Акыл-эс «экинчи табиятты» пайдакылды. Жа­ныбарлардын жана өсүмдүктөрдүн жаңы түрлөрү (породалары), минералдардын, химиялык элементтер­дин жасалма түрлөрү жаралды. Адамдын та­биятка тийгизген таасири геол. деңгээлге көтө­рүлдү. Акыл-эс айлана-чөйрөнү гана эмес, адам­дын өзүн да өзгөрттү. Адам табият шартын өзү­нүн кызыкчылыгына ылайыктап алууга же­тишти. Ал биол. эволюция законуна баш ий­бей калды, биоценоздон чыкты. Н-да энтропия, кичирейүү законуна, тескерисинче, маалымат өсүү законуна баш иет. Демек, барган сайын баш аламандык азаят, уюшулуулук, ыңгайлашуу, гармония, биримдүүлүк (интеграция) күчөйт. Акыл-эстин максатка ылайык башкаруу функ­циясы улам өркүндөй берет. Айлана-чөйрө менен социумдун карым-катнашы жагымдуу шартта туруктуу өнүгүү багытында болот. Акыл-эстин үстөмдүгү (ноократия) өкүм сүрөт. Ар бир иш илимдин жана технологиянын эң жогорку же­тишкендиктерине таянып жүргүзүлөт. Жараты­лыш менен коом шайкеш өнүгүшөт. Жер шарын­да узакка созулган геол. ноозой - акыл-эс зама­ны орнойт. Бүгүнкү күндө акыл-эс чөйрөсүнө же Н-нын баштапкы абалынын өнүгүшү жөнүндө ай­туу эртерээк. Анткени, күч алып бара жаткан глобалдуу экол. проблемалар (кислоталуу жаан­чачын, парниктик эффект, чөлдөшүү ж. б.) буга тескери мисал болууда. Учурдагы коом тиричи­лигин улантуу үчүн биосферада, анын тең сал­мактуулугун бузбай, коллективдүү аң-сезимге жана эркке таянган бирдиктүү акыл-эстүү меха­низм катары иш алып барыш керек.

Ад.: Н. Н. Моисеев. Человек и ноосфера. М. 1990; В. И. Вернадский. Биосфера и ноосфера. М., 2002; А. В. Бакиров. Ноосферология. Б., 2006.

А. Бакиров.