НООКЕН РАЙОНУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:14, 26 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

НООКЕН РАЙОНУ - Жалал-Абад облусундагы администрациялык-аймактык бирдик. Фергана өрөөнүнүн түндүк чет­жакасын, Алаш-Тоо, Бабаш-Ата кырка тооло­рунун түштүк капталдарын жана алардын этекте­риндеги түздүктү ээлейт. Батышынан жана түндүк- батышынан Аксы, түндүгүнөн Токтогул, чыгы­шынан Базар-Коргон р-ндору, түштүгүнөн Өзбек­стандын Анжиян, Наманган обл. менен чектешет. Аянты 2,5 миң клг2. Калкы 118,0 миң (2010); кыргыз (65,52%), өзбек (29,32%), орус (1,02%), уйгур (1,32%), ошондой эле тажик, татар, түрк, бела­рус, украин, корей, немис ж. б. улут өкүлдөрү да жашайт. Калкынын орт. жыштыгы 1 км2 жерге 30 киши туура келет. Шаар калкы

16,1%ти

түзөт. Райондо 8 айыл аймагы (Арад, Бүргөндү, Достук, Масы, Момбеков, Ноокен, Са­калды, Шайдан), эки шаар (Май-Суу, Кочкор­Ата), 55 кыштак бар. Борбору — Масы кыш.

Район 1928-жылы Базар-Коргон р-нунун курамын­да болгон 1935-жылы Масы району болуп, өзүнчө бө­лүнгөн. Масы району Базар-Коргон району менен бири­гип, 1937-жылы Ленин району атадган. Борбору - Ле­нин-Жол кыш. болгон. 1945-50-ж. райондун аймагында Майлы-Суу жана Кочкор-Ата (2003- жылдан шаар) ш. жана Көк-Таш шаарчалары пайда болгон. 1952-жылдан Майлы-Суу ш. об­луска баш ийип турган. 1978-жылы кайрадан бөлү­нүп, 1992-жылдан Ноокен району.

Н. р-нун аймагы Фергана өрөөнүнүн түндүк чет­жакасындагы түздүктү, Вабаш-Апга кырка тоо­сунун түштүк капталын ээлейт. Түзөң бөлүгү де­ңиз деңг. 600—800 м бийиктикте жайгашып, Майлы-Суу, Нарын д-нын өрөөндөрү менен тил­меленген. Түздүк түндүк-чыгышты карай улам өр­дөп, адырлар тилкесине (бийиктиги 800—1200 м), андан ары Бабаш-Ата кырка тоосуна (4485 лгге чейин) өтөт. Онтомо, Алаш-Тоо, Ангирек-Тоо массивдери да райондун аймагында жайгашкан. Тоолуу бөлүгү кокту-колоттуу; батыштан чы­гышты карай өрөөндөр орун алган. Райондун аймагы реакрациялык ресурстарга бай жана калк­тын эс алуусу жана туризм үчүн ыңгайлуу. Тос­коол-Ата, Алаш-Ата, Сере, Каракол сыяктуу та­бияты кооз жерлери, жайлоолору бар. Кен бай­лыктары: нефть, газ (Майлы-Суу), курулуш ма­териалдары (айнек жасоoro жарамдуу кум, ша­гыл, чопо ж. б.), минералдуу суулар (Эски Коч­кор-Атадагы Беш-Коргон, Досу, Үч-Эмчек ми­нералдуу суулары). Райондун климаты мелүүн

континенттик, жапыс, бөксө тоолуу бөлүгүндө субтропик климатына окшош. Кышында түштүк циклондордун таасири астында турат. Батыш­тан жана түндүк-батыштан мелүүн кеңдиктин ным­дуу аба массалары, жайында түштүктөн, түш,- батыштан тропиктик кургак аба массалары да кириши мүмкүн. Ал эми түндүктөн жана түндүк- чыгыштан соккон Арктика абасын жана Сибирь антициклонунун абасын Фергана ж. б. тоолор өрөөнгө дээрлик өткөрбөй тосуп калат. Кышы жумшак, нымдуу, жайы ысык, кургакчыл. Ян­вардын орт. температурасы -1,4°С, эң төмөнкүсү - 16°С, июлдуку 27,5-28°С, эң жогоркусу 41°С. Жылдык жаан-чачынынын саны 450 мм, тоо­луу бөлүгүндө 1000 ммге чейин; басымдуу бөлүгү кышында түшөт. Ири суулары: Алаш-Сай, Май­лы-Суу, Шайдан-Сай. Топурак өсүмдүктөрү би­йиктик алкактуулук боюнча өзгөрөт. Тоо этегин­деги деңиз деңгээлинен 721—1000 м бийиктикте жай­гашкан түздүктөрү боз топурактуу келип, дээр­лик өздөштүрүлгөн. 1000—1100 м бийиктикте адырлар тилкеси жатып, боз топурактуу келет. 1100—1300 м бийиктикте эфемер өсүмдүктүү кургак талаа, талаа жана мистелүү сейрек токой мүнөздүү, алардын астында күңүрт боз жана күрөң топурактар басымдуу. Андан жогору орто би­йиктиктиктеги (1300—2800 м) бөксө тоолор кара күрөң тоо токой тибиндеги топурактуу келип, алкактын төмөнкү бөлүгүндө жапайы жаңгак­жемиш токою (жаңгак, алма, алча, ж. б.), жо­горку бөлүгүн карагат, арча, түркүн чөптүү шалбаа өсүмдүктөрү ээлейт. Токой тилкесинен жогору субальп, альп шалбаалары, 3100 л«ден жогору гляциалдык-нивалдык алкактар мү­нөздүү.

Райондун экономикасынын негизин а. ч. тар­магы түзөт. Анын ичинен пахтачылык, дан өсүм­дүктөрүн өстүрүү, тамекичилик өнүккөн. Ра­йондун а. ч-га жарактуу жеринин жалпы аян­ты 247,4 миң га болсо, анын 18,3 миң гасы су­гат, 1,7 миң гасы кайрак жер, 118,3 миң гасы жайыт. Айдоо жерлерине дан өсүмдүктөрү (8214 га; анын ичинде буудай 6330 га), картөшкө (397 га), жашылча (1312 га), коон-дарбыз (466 га) ж. б. айыл чарба өсүмдүктөрү өстүрүлөт. Мал чарба­сында негизинен жүн багытындагы кой, эт-сүт багытындагы уй асыралат. Райондо «Кыргыз­нефтьгаз», «Анар» АКтары (карапа жана фарфор буюмдарын чыгаруучу), «Ока - Керамика» (кыш чыгарат, Кочкор-Атада), жашылча-жемиш кон­серва (Ноокен кыш-нда), «Кыргыз-Түрк» (Мом­беков), «Лимбатыш» (Сакалды), пахтаны кай­ра иштетүүчү (Арал), «Мүрөк» (томат чыгаруу­чу, Достук) заводдору ж. б. ө. ж. ишканалары иштейт. Райондо Тоскоол-Ата токой чарбасы жана Кочкор-Ата токой чарбасы бар. Райондогу автомобиль жолунун жалпы узундугу 310 км, анын ичинде асфальтталганы 220 км. Райондун аймагынан Бишкек - Ош, Майлы-Суу - Кочкор-Ата - Масы автомобиль жолдору, Үч-Коргон - Таш-Көмүр т. ж., Майлы-Суу - Жалал-Абад газ кууру өтөт.

Райондо 54 мектеп (гимназия, көмөкчү жа­так-мектеп, 36 орто, 7 негизги, 7 башталгыч мек­теп), мындан тышкары көркөм сүрөт мектеби (1982-жылы уюштурулган; 170тей окуучу окуйт), Кочкор-Ата музыкалык мектеби (1968-жылы; 135 окуучу), 19 маданият үйү, музей бар. Райондо 2 борборлош­турулган жана 3 аймактык оорукана, 2 үй-бүлөлүк врачтар борбору, 17 үй-бүлөлүк врачтар тобу, карылар үйү (Кочкор-Ата ш-нда), балдардын сүт азык ашканасы иштейт. Райондук «Ноокен жаңырыгы» гезити чыгат. Ө. Бараталиев.