НОВОРОССЙИКА МРАМОР КЕНИ
НОВОРОССЙЙКА МРАМОР КЕНИ Чүй облусунун Кемин р-нунда, Шабдан кыштагынан 2,5 км батышта, деңиз деңгээлинен 1550-1620 м бийиктикте жайгашкан. 1969-70-ж. Түндүк Кыргыз геол. экспедициясы чалгындаган. Кен аймагын ортонку протерозойдо пайда болгон метаморфизмделген сланец, амфиболит, мрамор жана мраморлошкон акиташ тектери түзөт. Мрамор катмарынын аянты 160x120 м. Мрамор эң жогорку кооздукта, серпентиниттелип, кесек жана майда кристаллдуу. Кесек кристаллдуусу боз-көк түстүү, майдасы ар түрдүү жашыл өңгө боёлгон. Мрамордун физикалык-механикалык касиеттери: орт. тыгыздыгы 2,59- 2,74 г/см³, көзөнөктүүлүгү 0,8-4,0%, суу сиңирүүсү 0,2-2,0%, жумшаруу коэффициенти 0,91-0,96, үстүнөн басылгандагы бышыктыгынын чеги кургак абалда 66,5-93,9 МПа, сууга каныккан абалда - 61,4-87,7 МПа, жешилүүсү 2,1-2,5 г/см³, ийилгендеги бектиги 17,2 МПа, суукка чыдамдуулугу - 25 цикл. Мрамор каптама таш жана кооз буюмдарды жасоого жарайт. 0,8ден 2,7 лг3ге чейинки көлөмдөгү блоктордун чыгышы 57,57%ти түзөт, 0,53 тен 0,77 чейинкиси 27,67%, 0,06дан 0,38 лЛе чейинкиси - 14,76%. Бир куб метр блоктон 25 мм калыңдыктагы даяр тактанын чыгышы - 19,01 лг3. Мрамор жакшы сайкалданат. Запасы С: категориясы боюнча - 41634 лг3, С2 категориясы боюнча - 92618 лг3.