НОВОПАВЛОВКА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:14, 26 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

НОВОПАВЛОВКА - Чүй облусунун Сокулук районундагы кыштак. Новопавловка айыл айма­гына караштуу. Бишкек - Ташкент автомобиль жолунун боюнда, деңиз деңгээлинен 735 м бийиктик­те, Военно-Антоновка кыш-на туташ жайгаш­кан. Райондун борбору Сокулук кыштагынан 17 км чыгыш тарапта. Пишпек т. ж. бекетинен 3 км. Кыштак 1913-жылы пайда болгон. Калкы 13,7 миң (2009); негизинен мал багып, тоют даярдашып, дыйканчылыкта эмгектенет. Эки орто мектеп, 3 китепкана, 2 бала бакча, амбулатория, да­рыкана, маданият үйү бар. Турмуш-тиричилик кызматы, соода жайлары, базарчалар, кафе-бар­лар, ашканалар иштейт. Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорго эстелик тургу­зулган.