НОВЕЛЛА
НОВЕЛЛА (итал. поуеПа - жаңылык) - прозалык чакан жанр, аңгеменин сюжет, композициясы так, баяндоосу жана психол. рефлекциясы жок, окуялары өзгөчөлүккө ээ болуп, символика элементтери катышкан бир түрү. Кайра жаралуу доорунда (14-16-к.) пайда болгон. Италияда Боккаччо, Саккети, Мазуччо сыяктуу авторлор өткөн турмуштан же фольклордук сюжеттерден алып, чакан чыгармаларды жаза башташкан. Бул өзүнчө бир жаңылык болгон да, итальян тилинде «жаңылык» («новелла») деп аталган. Н-нын көркөмдүк өзгөчөлүгү - адамдын кадимки турмушун күтүлбөгөн курч кырдаалдар менен айкалыштырып сүрөттөөгө негизделгендиги Н-нын мыкты үлгүлөрүн Ги де Мопассан, Э. Хемингуэй, С. Цвейг, А. Чехов, А. Горъкий сыяктуу жазуучулар жазган. Кййинчерээк мындай чыгармалар алгачкы алкагынан чыгып, өзүнчө бир жанр даражасына көтөрүлгөн. Жанр катары Н. төмөнкүдөй белгилерге ээ: конкреттүү бир каармандын турмушуна кайрылышы; каармандардын иш-аракетинин чектелип көрсөтүлүшү; сюжетинин күтүлбөгөн башталмаларга же бүтүмдөргө ээ болушу; чыгарманын көбүнчө бир гана деталдын негизинде куралышы. Кыргыз адабиятында Н-нын өнүгүшү А. Токомбаевдин «Өлүм кимди коркутпайт», «Күүнүн сыры», Ж. Турусбековдун «Бир болгон иш» деген чыгармалары менен башталат.