«НОВАЯ ЭРА» КОММУНАСЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:14, 26 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

«НОВАЯ ЭРА» КОММУНАСЫ - Совет бийлиги орногондон кийин (1918) Кыргызстандын аймагын­дауюшулган а. ч. бирикмелеринин бири. «Н. э.» к-н уюштурууда Р. П. Маречек көрүнүктүү роль ойногон. Верный шаарынан келген 50 коммуначы­га Чоң-Жаргылчак кыштагынан (Ысык-Көл) ата­йын жер бөлүнүп, анын мүчөлүгүнө алгач жергиликтүү кедей-дыйкандар тартылган. Коммунанын өз алдынча уставы болуп, анда динден баш тар­туу, орус ж. б. тилдерди үйрөнүүгө мажбурла­ган жана революциялык тартипти сактоо, коомдук менчикке кам көрүү, балдарды туура тарбиялоо­го катуу талап коюлган.