НОБЕЛЬ СЫИЛЫГЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:14, 26 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

НОБЕЛЬ СЫЙЛЫГЫ - физика, химия, меди­цинада жана физиология илимдериндеги эң көрүнүктүү ачылыштары, маданиятка жана коомдун өнүгүшүнө кошкон ири салымы, дүйнөдө тынч­тыкты чындоо боюнча мыкты ишмердиги үчүн жыл сайын берилүүчү эл аралык эң беделдүү сыйлык. Альфред Нобелдин керээзи боюнча 1897-жылы негиз­делген. Керээздин эрк-талабын аткаруучу-кат­чы Рагнар Сульман жана адвокат Рудольф Ли­ликвист Нобель фондусун түзүшкөн,

Н. с-нын эрежелери боюнча сыйлык менен мекеме эмес, айрым жеке адамдар гана сыйланат. Ал эми тынчтык сыйлыгы менен жеке адам да, ме­кеме да сыйлана берет. Сыйлыкка 1-2 эмгек га­на сунушталат. 3 же андан көбү каралбайт. Көзү өткөндөр сыйланбайт.

Сыйлык 5 номинацияда өткөрүлүп келет: физика боюнча - Швецияда, химия боюнча - Шве­цияда, физиология боюнча - Швецияда, адабият боюнча - Швецияда, тынчтык боюнча - Норвегияда (1901 -жылдан).

1969-жылы Швед банкынын демилгеси менен эко­номика боюнча Н. с-нын лауреаты Нобелдик лек­ция окууга тийиш, Нобель фонду тарабынан өзгөчө томдордо жарыяланат.

Сыйлык тапшыруу жол-жобосу атайын

даяр­дыкты жана уюштуруу иштерин талап кылат. Октябрда лауреаттар биротоло бекитилет жана жарыяланат. Лауреаттарды акыркы тандоону Шведдик Королдук борбор Каролинг институтунун Нобелдик ассамблеясы жана Норвегиялык Но­бель комитети жүргүзөт. Сыйлык тапшыруу жыл сайын 10-декабрда Швеция менен Норвегиянын шаарларында өткөрүлөт. Стокгольмдо - физи­ка, химия, физиология жана медицина, адабият жана экономика боюнча сыйлыктар Швециянын королу тарабынан, ал эми Тынчтык боюнча сыйлык Нор­вегиялык Нобель комитети тарабынан Осло шаа­рында, шаардык ратушада, Норвегия королу, анын үй-бүлөсүнүн катышуусу менен тапшырылат. Н. с-ын тапшыруу аземинен, нобелдик сый та­мактан жана нобелдик концерттен турат.

Т. Абдылдабеков.