НИЦШЕ
НИЦЩЕ (№е!28с11е) Фридрих Вильгельм (15. 10. 1844, Саксония, Люценге жакын Рёккен - 25. 8. 1900, Веймар) - немис философу, классикалык философиядан азыркы философияга өтүү доорунун драматизми менен карама-каршылыктарын өз чыгармачылыгында эң курч түрдө чагылдырган. Н-нин негизги идеялары: 1) өзүнө чейинки бардык баалуулуктарды кыйраткыч сынга алуу менен кайрадан баа берип чыгуу; 2) «бийликке болгон эрк» онтологиялык өзөктүү түшүнүк. Н-нин оюнча «эрк» дегенде адамдын конкреттүү, индивидуалдык эрки түшүнүлөт. Н. эркти аң-сезимге карата биринчи деп эсептейт; 3) бийликке болгон эрктин өсүшү деген концепциядан келип чыккан «супер адам» (англисче - «Зирегтап») идеясы. Р. Декарттын «ойлонуп жатам, демек мен бармын» деген формуласына Н. өзүнүн «эрким бар, аракеттенип атам, демек тирүүмүн» формуласын карама-каршы койгон. Бул Н-нин «жашоо философиясы» концепциясынын башатын түзгөн.