НИМЕЙЕР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:14, 26 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

НИМЕЙЕР Оскар (15. 12. 1907, Рио-де-Жаней­ро - 5. 12. 2012, ошол эле жер) - бразилиялык архитектор. Рио-де-Жанейродогу Улуттук сүрөт мектебин бүтүргөн (1934). Биринчи архитектуралык тажрыйбаны Л. Костадан алган. Азыркы Бразилия архитектура мектебинин негиз­дөөчүсү. Анын долбоору боюнча дүйнөнүн 18 өлкөлөрүндө 400дөн ашык имарат, ку­рулган анын ичинде: БУУнун штаб­квартирасы, Пампульедеги спорт жана көнүл ачуу жай­лар комплекси (1942-43), Боависта банкы (1946), Рио­де-Жанейродогу «Түштүк

Америка» госпиталы (1953), Каракас Асем өнөр музейи (Венесуэла, 1955-56) ж. б. 1957-жылдан өз өлкөсүнүн жаңы борбор шаары - Бразилиа­ны куруу ишин жүзөгө ашырып, көп имарат­тарды долбоорлогон: «Маншете» басманын има­раты (1967), «Насионал» отели (1971), «Саенс Пенья».метро станциясы (1979), президент Ку­бичектин мемориалы (1980), Карнавал борбору (1983-84), Пантеон (1985), Латын Америка ме­мориалы (1987). Н-дин долбоору менен курулуп, Куритибадагы Оскар Нимейер музейи, (2002), Сан-Паулодогу «Ибирапуэра» паркы, (1954, Гоя­ниядагы «Оскар Нимейер» (2006); испаниялык Авилес ш-нда Оскар Нимейр атн-дагы (2011) маданият борборлору ачылган. «Элдер ортосунда тынчтыкты чыңдаганы үчүн» эл аралык Притц­кер сыйл. лауреаты.