НИКОТИН
НИКОТЙН (фр. nicotine, Францияга тамекини 1-жолу алып келген фр. дипломат Ж. Никонун атынан) - тамекинин жалбырагы менен уругунда ж. б. өсүмдүктөрдө кездешүүчү уу алкалоиддердин бири. Суу менен жакшы аралашуучу өзгөчө жыттуу, түссүз суюктук. Абада кычкылданып, күрөң түскө өтөт. Аз өлчөмдө болсо борбордук нерв системасын дүүлүктүрүп, дем алууну кыйындатып жана кан басЫмын жогорулатат, көбүрөөк өлчөмдөгүсү нерв системасын шал оорусуна дуушар кылат же өлүмгө алып келет. Узак убакыт тамеки тарткан адамдын организми өнөкөт ууланууга учурайт. Н. ветеринарияда тери ооруларын дарылоодо, а. ч. зыянкечтерине каршы күрөшүүдө инсектицид катары, ошондой эле никотин кислотасын жана анын амидин алууда колдонулат.