НИКОСЙЯ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:14, 26 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

НИКОСЙЯ, Лефкосия - Кипр Респ-нын борбору. Кипр а-нын чок ортосунда, Месаория түздүгүндө жайгашып, түштүк-батышынан Троо­дос тоосу жана түндүгүнөн Кирения кырка тоосу менен курчалып турат. Климаты субтропиктик, жер ортолук деңиздик. Эң салкын айы январ­дын орт. температурасы 10...15°С, июлдуку 10°С. Жылдык жаан-чачыны 500-1000 мм. Калкы 272,0 миң (2010). Жолдор тоому. Эл аралык аэро­порту бар. Н. болжол менен биздин заманга чейинки 7-к-да негиз­делген. 16-к-дан Осмон империясынын кура­мында болгон. 1960-жылдын 16-августунан көз каранды эмес Кипрдин борбору. Тамак-аш, же­ңил ө. ж. ишканалары иштейт. Университет, музейлер

Никосиядагы Селим мечити.

(тарыхый жана архив, улуттук искусство), лапида­рий (таштан буюм жасоо) бар. Готика стилин­деги Ыйык София собору (13-14-к.; учурда Се­лим мечити), Кудай эне жана августиндер чиркөөлөрү (экөө тең болжол менен 1330-жылы чен), рынок ансамбли, готика стилиндеги базилика (14-16-к-да кеңейтилген), «Фамагуста дарбаза­сы» (16-к.), Ыйык Ионн собору (1665-жылы кайра­дан курулган, дубалга тартылган-сүрөттөр цик­ли, 1730-жылы чен), архиепископтор ак сарайы (1950-59) сакталган. Туризм өнүккөн.