НИКОБАР АРАЛДАРЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:14, 26 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

НИКОБАР АРАЛДАРЫ Инди океанынын түн­дүгүндө; 19 аралдан турат. Индиянын Андаман жана Никобар союздаш аймагынын түштүк бөлүгүн­дө, Бенгал булуңу менен Андаман деңизинин ара­лыгында. Аянты 1,6 миң км2. Ири аралдары - суу астындагы кырка тоолордун чокулары (би­йикт. 642 м), чакандары - кораллдар. Дайыма жашыл тропик токою, өскүлөн чөптүү шалбаа ээлейт. Кокос пальмасынын плантациялары бар. Балык, трепанг кармалат. Үлүл чогултулат.