География:ЧОЛПОНАТА МИНЕРАЛДУУ СУУСУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
19:13, 23 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
– Ысыккөл р-нундагы дарылык касиети бар жер астындагы ысык суу булактары. Карой ж-а Корумду кыш-нын аралыгында, Ысык-көлдүн түн. жээгинде жайгашкан.1962-ж. табылган. Жер астындагы ысык суу жаткан аймакта палеозойдун ж-а антропогендин чөкмө тектери кездешет. Минералдуу суу плиоцендин кумдук ж-а аргиллит тоотектеринде, 906–1500 м тереңдикте топтолгон. Суу бургулоо көзөнөктөрүнөн чыгарылган. Жалпы суткалык чыгымы 1736 м3. Темп-расы 48° С, минералдуулугу 15–40 г/л. Составы б-ча Паланга (Латвия), Славянск, Трускавец (Украина), Солигалич (Орусия) курортторунун сууларына окшош. Хим. составы б-ча хлорид-сульфат-натрий-калийлүү, микрокомпоненттерден бром (8–14 мг/л), йод (1,0–3,2 мг/л), молибден (0,8 мг/л), цинк (0,02 мг/л), фтор (0,5–3,2 мг/л) кезигет. Суу__ азоттуу, бирок аз өлчөмдө көмүр кычкыл газы, гелий, метан бар. Муун, тери, бөйрөк, ашказан ооруларын киринүү жолу м-н дарыласа болот. «Ысыккөл», «Казакстан», «Көгүлтүр Ысыккөл» ж. б. санаторийлерде кеңири пайдаланылууда.