География:РИШТАН МИНЕРАЛДУУ СУУСУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
19:13, 23 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
– Баткен облусунун Кадамжай р-нундагы жылуу суу булактары чыккан жер. Риштан шаарчасынан 18 км түш. тарапта. Суу палеоген мезгилинде пайда болгон чөкмө тектердин арасындагы акиташ тектеринен булак түрүндө агып чыгат. Бургулоо көзөнөгүнөн да чыгарылган. Суунун темп-расы 20,5°С, хим. составы б-ча хлорид-сульфиднатрий-калийлүү. Булактардын дебити 0,71 л/сек, бургулоо көзөнөгүнөн чыккан суунуку 4 л/секга жетет. Суунун жалпы ми нералданышы 2,8–4,3 г/л, көмүр кычкыл газы 160 мг/л, йод 6,8 мг/л. Суу белгилүү Мацеста, Талга, Сергиев сууларына окшош. Киринүү жолу м-н тери ж-а кызыл жүгүрүк ооруларын дарылоого болот.