География:ЖУУКУЧАК МИНЕРАЛДУУ СУУСУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
12:34, 24 ноябрь 2026 карата disc_geo>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
– Ысыккөл облусунун Жетөгүз р-нундагы дарылык касиети бар минералдуу суу булактары. Каракол ш-нан 47 км түш.-батыш тарапта, Тескей Алатоонун түн. капталында, Жууку суусунун оң куймасы Жуукучактын боюнда, деңиз деңг. 2030 м бийиктикте. Жерг. элге илгертен белгилүү.1950–62-ж. геол. изилдөөлөр жүргүзүлгөн.

Суу палеозойдо чөкмө тектерди жиреп чыккан гранит интрузиясындагы тектон.

жаракадан булак түрүндө чыгат. Бургулоодон да (260 м тереңдиктен) жылуу суу чыгарылган. Булактын дебити 0,4 л/сек (бургулоо көзөнөгүнүкү 2,35 л/сек). Хим. составы, физ. касиети б-ча радондуу, хлоридсульфат-кальций-натрийлүү арашан сууларына кирет. Суунун темп-расы 31–34°С.

Жалпы минералданышы 0,3 г/л. Составында йод, бром, СО, темир, фтор бар. Газдык составы б-ча суу азоттуу. Биол. активдүү компонент – радон (36,7 эман), күкүрттүү суутек (1,5–2,5 мг/л), кремний кислотасы (44 мг/л). Минералдуу суу муун, жарат, нерв ооруларына шыбаа берет.