География:ЖАЛАЛАБАТ МИНЕРАЛДУУ СУУСУ
– Жалалабат облусундагы дарыланууга ж-а ичүүгө жарамдуу минералдуу ысык суу булактары. Жалалабат ш-нан 5 км түн.-чыгыш тарапта. Айыптоонун батыш капталында, деңиз деңг. 980 м бийиктикте. Суу жерг. элге илгертен белгилүү. Алгачкы геол.ж-а гидрогеол. изилдөөлөр 1815-ж. башталган. Булактар чыккан жерде төртүнчүлүк мезгилинин лёсс сымал кум-айлуу топурагы (калыңд. 30 м), юра ж-а бор мезгилдеринде пайда болгон гравелит, кумдук, алевролит, чопо, конгломерат ж. б. чөкмө тектер жатат. Аларды альп тектогенезиси бүктөөлүлөргө дуушарлантып, антиклиникалдык түзүлүштү пайда кылган. Суу антиклиналга жарыш кеткен тектон. жарака зоналары аркылуу жер бетине булак түрүндө ж-а бургулоо көзөнөгүнөн (75–130 м тереңдиктен) агып чыгат. Мында Айыпбулак, Кызбулак, Акбулак, Жаңыбулак, Шорбулак, Узунжылга, Чаңгырташ деп аталган 7 булак бар (суткалык дебити 1800 м3).
Суунун темп-расы 21–43,5°С, жалпысынан суунун составы сульфат-гидрокарбонатхлорид-натрий-кальцийлүү, чала жегичтүү (рН 7,0–7,5). Суу тунук, тузсуз, даамсыз, аз минералдашкан (1,2–7,4 г/м3). Бир аз бром, бор, марганец, темир, фосфор, фтор ж-а органикалык заттар бар. Кремний кислотасы 35,0 мг/л, көмүр кислотасы 35,0 мг/л, күкүрттүү суутек 2,0 мг/лге чейин. Азот 97,1%. Дебити 21 л/сек (1965). Суу ашказан, боор, өт ж. б. ооруларына шыбаа берет. Имараттарды жылытууга, ичүүгө да пайдаланылат. Суу бөтөлкөлөргө куюлуп (жылына 20 млн бөтөлкө) Жалалабат № 27 деген ат м-н соода тармактарына жиберилет. Анын базасында Жалалабат курорту иштейт.