География:ГҮЛЧӨ МИНЕРАЛДУУ СУУСУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
12:34, 24 ноябрь 2026 карата disc_geo>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
–дарылык касиети бар жылуу суу булагы. Ош облусундагы Гүлчө кыш-нан 7 км батыш тарапта. Алай кырка тоосунун түн.-чыгыш капталындагы Жылуусуу өрөөнүндө, деңиз деңг. 1570 м бийикте жайгашкан.

Жерг. элге илгертен белгилүү. Суу карбон мезгилинин акиташ ж-а сланец тоотек катмарларынан булак түрүндө агып чыгат. Чыгымы 0,5 л/сек. Суу тунук, түссүз, даамсыз, саал күкүрттүү суутек жыттанат. Аз минералдашкан (1,8 г/л). Составы гидрокарбонат-сульфат-кальций-магнийлүү. Темп-расы 30°С. Суудагы биол. активдүү компоненттер: эркин түрүндөгү СО2 (60 мг/л), кремний кислотасы ( 26,6 мг/л) ж-а радон (0,53 эман). Муун, нерв, ашказан, тери ж. б. ооруларга шыбаа берет.