География:БОЗУЧУК МИНЕРАЛДУУ СУУСУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
19:13, 23 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
– дарыланууга жарамдуу ысык суу булактары. Ысыккөл облусунун Аксуу р-нунда, Каракол ш-нан 30 км чыгыш тарапта, Тескей Алатоонун түн. капталындагы Бозучук суусунун өрөөнүндө, деңиз деңг. 2200 м бийиктикте жайгашкан. Суу жерг. элге илгертеден белгилүү. Булак түрүндө борб.бөлүгү граниттерден түзүлгөн антиклинорийдин түн. капталындагы тектон. жарака аркылуу жер бетине чыгат. Булактардын дебити 1,72 л/сек. Хим. составы б-ча аз минералдашкан (0,8 г/ л), азоттуу (99%), сульфат-хлорит-натрий-кальцийлүү арашан сууларына кирет. Суунун темп-расы 28–30°С. Т үссүз ж-а даамсыз, бир аз күкүрттүү суутек жыттанат. Составында литий, стронций ж. б. бар. Суудагы биол. активдүү к ом поненттер: эркин түрүндөгү СО2 (7 мг/ л), Н2S (7 мг/ л), крем ний кислотасы (38 мг/ л) ж-а радон (43,9 эман). Б. м. с. дарылык касиети б-ча белгилүү Кулдур (Хабаров крайы) минералдуу суусуна окшош. Суу м-н муун, таяныч органдарын, нерв, ашказан, тери ж-а гинекология ооруларын дарылоого болот.

Жергиликтүү эл пайдаланат.