География:ФЕРСМАН ҮҢКҮРҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
19:13, 23 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
Ош облусундагы Ноокат р-нун аймагында. Төөмоюн тоосунун белинде, карбон мезгилинде пайда болгон акиташ тектеринде жайгашкан.

Ноокат кыш-нан 8–9 км түндүгүрөөктө. Табигый пайда болгон ж-а атайы казылган үңкүрлөрдөн турат. Табигый үңкүрлөр карст шахталары (тереңд. 220 м, туура-__ сы 10 мге чейин); анын төрүндө көл бар. Кийин үңкүрдүн табигый оозу жардырылгандыктан 50 мге жеткен штольня аркылуу сырт м-н байланышат. Үңкүр, андагы минералдардын ар түрдүүлүгү м-н өзгөчөлөнөт. Кырг-ндагы терең карст шахталарынын бири. Минералог, спелеологдордун кызыгуусун арттырууда. Илимпоз А. Е. Ферсмандын ысымынан аталган.