География:КАРАҮҢКҮР
– Каракулжа р-нун аймагындагы үңкүр, Тар суусунун алабында жайгашкан. Кырг-ндагы гипстүү катмарда пайда болгон эң ири үңкүр. Алгачкы жолу 1970-жылдардын аягында В. Е. Рейс жетектеген спелеологдор тарабынан ачылып, изилденген. Жалпы уз. 940 м, туурасы 10 мге чейин. 1930-ж. басмачылар баш калкалаган жай болгон. Азыр тарыхчылар м-н спелеологдордун кызыгуусун арттырууда.