География:ЖИЙДЕЛИК ҮҢКҮРҮ
– Баткен облусунун Кадамжай р-нундагы карст үңкүрү, табият эстелиги. Шаймерден суусунун оң жээгинде, Кадамжай шаарчасына жакын жайгашкан. Жалпы уз. 180 м. Түрдүү кристаллдык ж-а минерал заттардын тамчылап агышынан пайда болгон формалар мүнөздүү. Бир нече залы бар. Төмөнкү залында жылуу көлдөр жайгашкан. Үңкүрдү кидик такатумшук жарганаттар мекендейт. 1975-жылдан геол. заказник.