География:АЖЫДААР ҮҢКҮР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
19:13, 23 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
– Ноокат р-нундагы Төөмоюн тоосунун боорундагы карстык үңкүр. Жалпы уз. 110 м, туурасы 20 мге чейин, бийикт. 3 мдей. Үңкүрдүн эки оозу бар, бир оозу кенен дого сымал келип, жар үстүндө жайгашып, жолдон көрүнүп турат, экинчиси тоо капталында. Үңкүрдө Кызыл китепке катталган жарганаттардын (тик кулак ж-а кош эрин жарганаттар) колониясы бар. А.ү-дү мурда эл ыйык туткан; ал ж-дө эл арасында көптөгөн уламыштар тараган. 1975-жылдан бери геол.заказник.