География:ЧОКТАЛ ЖАРЫМ АРАЛЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
19:13, 23 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
Ысыккөлдүн түн . жээгинде. Чоктал кыш-нан 0,5 км түш . тарапта, Чоктал суусунун эки салаасынын аралыгында түш .-чыгышты карай 2 кмге созулат. Туурасы орто бөлүгүндө 1,1 км. Жарым аралдын негизи бөлүгү голоцендин тектирлерин кум жаап калышынан пайда болгон. Жапыз жаткан жерлерин жээк жалчалары (соолуп калган лагуналар) ээлейт. Жарым арал толкун чогулткан кум шилендилеринен түзүлүүдө. Тумшугундагы сайроон жерлер майда бүртүкчөлүү кумдан турат . 10 м тереңдиктен баштап ылайлуу, балыр өсүмдүктөрү өсөт. Жарым аралдын аймагы курорт зонасы.