География:КЕССЕҢИР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
19:13, 23 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
– Күнгөй Алатоонун түш . этегинде Ысыккөлгө эңкейиш сеңир, көлгө кирип турган тумшук. Ысыккөлдүн түн . жээгинин дал ортосунда, Чоң Сөгөттү ж-а Кичи-Сөгөттү сууларынын аралыгында жайгашкан. Уз . 4 км, эң жазы жери 2,5 км, деңиз деңг . 2000–1600 м бийиктикте. Жеринин бети аска-таштуу, капталдары көбүнчө тик. Тикендүү майда бадалдар, чогойно, шыраалжын ж . б . өсүмдүктөр өсөт. Негизи силур, девондун граниттеринен, эки жагы олигоцен, миоцендин конгломерат, алевролит ж . б . тоо тектеринен турат. Көл жээгиндеги жолду тороп, жүргүнчүлөргө тоскоол болгондуктан, сеңирдин жапыз жерин оюп, кесип жол салынгандыктан бул кыр илгери эле Кессеңир, ал эми жолдун өткөн жери Кескенбел аталган окшойт. Номендин экөө тең 19-кдын 1-жарымында эле болгон; 1856–1860-ж . тартылган карталарда топоним Кессеңгир, Кесексеңгир, Кисенгыр, Ч. Валихановдун эмгектеринде (1856–1861) Керсенгир, Кисенгыр түрүндө кезигет. К. «Пришиб» деп да жазылып жүрөт. Почта таратуу, жол катнашы үчүн 1870–1871-ж.

Кессеңирдин тумшугун жарып жол салы шк ан .