География:БОСТЕРИ ЖАРЫМ АРАЛЫ
Ысыккөлдүн түн . жээгинде. Сөгөттү ж-а Четкидолоноту сууларынын аллювий-проллювий шиленди конустары кошулуп жарым аралды түзөт. Үч бурчтук сымал формада, туурасы 5,5 км. Көлгө 2,1 км кирип турат.
Чыгыш учунда, Кессеңир тоосунун маңдайында Бостери колтугу жайгашкан. Тумшугу 1 км аралыкка чейин күдүрлүү келип, буйткалар көп кездешет. Азыркы тектирлерди кумдуу жээк жалчалары ж-а алардын аралыгындагы лагуналуу кургак оёңчолор түзөт. Жарым аралдын эки капталына тең суу астындагы ж-а үстүндөгү кум ж-а конгломерат жалчалары мүнөздүү. Жээктери кумдук, койташ, шагылдуу. Суу астындагы уландысы 2 кмге (20 м тереңдикте) чейин созулат. Б . ж . а. — Ысыккөлдөгү ири курорттуу жайлардын бири. Алтын кумдуу пляждары, жылуу суусу, деңиздик климаты эс алууга ыңгайлуу.